Редакцияот 04.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз (жетинчи чакырылыштагы) VIII-сессиясы

 

2021-жылдын 4-декабры № 6

Айыл аймагындагы жайгашкан элдерден чыккан таштандыларды таштоочу жер ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Айылдык кеңештин депутаттары айыл аймагындагы элдерден чыккан таштандыларды таштоочу жер ажыратып берүү жөнүндө тазалык ишканасынын башчысы И.Темировдун сунушун 03.12.2021-жыл күнү туруктуу комиссияда каралып сессияда макулдук берүү жөнүндөгү сунушту кеңири талкуулап аны канаттандыруу максатында айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

 

 1. Айыл аймагында жашаган элдерден чыккан ар түрдүү таштандыларды таштоочу жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 2. Таштандыларды таштоочу жерди аныктап, мыйзам чегинде иш алып баруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 3. Ушул токтомду көзөмөлдүккө алуу жагы атайын туруктуу комиссисына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

З.Г.Нурдинов