Редакцияот 04.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз (жетинчи чакырылыштагы) VIII-сессиясы

 

2021-жылдын 4-декабры № 7

2021-жылдын январь айынан декабрь айына чейинки аралыкта пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарын бекитип берүү жөнүндө

Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 2021-жылдын 11-айында пландан ашыкча түшкөн кирешени бекитүү боюнча Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Рахматов Рахматилла билдирүү жасап, айылдык кенештин бюджеттик туруктуу комиссиясынын талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкуулангандан кийин, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. 2021-жылдын 1-январынан 1-декабрына чейин:

 -Негизги капиталдык сатуудан түшүүчү кирешенин эсебинен 366 700 сом;

 - ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын эсебинен 793 300 сом;

 - калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын эсебинен 90 000 сом, бардыгы болуп – 1 250 000 сом пландан сырткары жыйналган акча каражатты топтолгондугу белгиленсин.

 2. Чыгаша жагы 70629 – «Турак жай жана коммуналдык кызматтар» тармагынын 3111 статьясынын чыгыша жагына 1 250 000 сом каржылоого уруксат берилсин.

 3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашкар-Кыштак

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Нурдинов З.