Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз (жетинчи чакырылыштагы) VIII-сессиясы
2021-жылдын 4-декабры № 8
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын жүргүнчүлөрүн тейлеген №326 “Кара-Суу – Опытное поле” жана №366 “Кара-Суу - Мөнөк” каттамдардын жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Айылдык кенештин өнөр жай,комуналдык чарба,транспорт, сода, базар, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын 03.12.2021-жыл күнкү ОсОО «Кашкар-транс» ишканасынын №366 “Кара-Суу – Опытное поле”жана “Кара-Суу - Мөнөк” маршруттук каттамдардын айдоочуларынын күйүүчү майлардын, автоунаа тетиктеринин кымбаттаганына байланыштуу жол акы тарифтерин көтөрүп берүү боюнча сураныч катын туруктуу комиссиясы карап чыгып, айылдык кенештин депутаттарынын талкуусун угуп, айылдык кенеши токтом кылат.
1. Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы жүргүнчүлөрдү тейлеген - №326 Кара-Суу Опытное-поле каттамы үчүн
Кара-Суу –Кашкар-Кыштак-Опытное поле – 25(жыйырма беш) сом
Кара-Суу – Мөнөк - 30 (отуз ) сом
Айыл ичинде - 10 (он) сом
Мектеп окуучуларына – - 5 (беш)сомдон болуп түзүлгөн жол акы тарифи бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жогорудагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы; |
З.Г.Нурдинов |