Редакцияот 24.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2020-жылдын 24-ноябры № 1

Куйручук айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдагы аткарылышындагы үнөмдөлгөн каражатты 2020-жылдын жергиликтүү бюджетке кароо жана бөлүштүрүп өзгөртүү жөнүндө

Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Асановдун жана Куйручук айылдык Кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Куйручук айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.    Куйручук айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 2-мартындагы ХVIII кезектеги

сессиясынын № 2 токтомунда айылдагы  ҮДТ нын имаратынын капиталдык ремонтуна өздүк салым үчүн деп каралган 450 000 (төрт жүз элүү) сомдук каражат жана “Акжолтой-апа” бала бакчасынын бюджеттен жана атайын каражаттан бардыгы 163550 (жүз алтымыш үч миң беш жүз элүү) төмөндөгүдөй бөлүнсүн.

 

-          Айылдагы курулуп жаткан футболдук аянтчанын курулушун аягына чыгарууга

150 000 (жүз элүү) миң сом.

-          Айылдагы ҮДТ нын имаратына меш алуу үчүн 30 000 (отуз)миң сом.

-          Айыл өкмөтүнүн №1кеңсесине меш алуу үчүн 45 000 (кырк беш) миң сом.

-          Айыл өкмөтүнүн №2 кеңсесине меш алуу үчүн 45 000 (кырк беш) миң сом.

-          Аблас  Сулайманов орто мектебинин от жагуучу жайына вентилятор жана насос

алуу үчүн 25 000 (жыйырма беш) миң сом.

-          Бала бакчанын ар кандай чыгымдарына 10 000 (он миң) сом.

-          “Акжолтой-Апа” бала бакчасынын атайын каражат (спец) 71750 (жетимиш бир миң жети жүз элүү )сом. Жыл башынан калдык бюджеттен 91 800 (токсон бир миң сегиз жүз) сом  2218 статьясынан 2215 статьясына жылдырылсын. Баардык сумма  163550 (жүз алтымыш үч миң беш жүз элүү )сом. (смета тиркелет).

-           

-          Бала бакчага күз-кыш мезгилине  көмүр алууга 44,600 (кырк төрт миң алты жүз) сом.

-          Айылдагы таштанды таштоочу жайдын тегерегин түртүү үчүн күйүүчү май алууга

7000 (жети) миң сом.

-          Бала бакча, айыл өкмөтүнүн №1,2 кеңсесине,ҮДТ имаратына, мектепктин кире беришене салууга коврик алууга 15 000 (он беш) миң сом.

-          Айыл өкмөтүнүн ички жолдоруна асфальт тошоого  78 400 (жетимиш сегиз миң төрт жүз) сом

акча каражаты бөүштүрүлсүн.

2.     Бөлүштүрүлгөн каражаттарды максаттуу жана мыйзамдуу пайдаланууну  айыл

 өкмөт башчысы Т. Асановго милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун массалык маалымат каражаттарына жарыялоону жана Нарын

облустук юстициялык башкармалыгынан каттоодон өткөрүүнү Куйручук айылынын жооптуу катчысы М. Касымовага тапшырылсын.

 

Төрага

З. Баисов