КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-ноябры № 4
Куйручук айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдагы аткарылышында “Акжолтой-Апа” бала бакчасынын үнөмдөлгөн каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Куйручук айылдык кеңешинин бюджети боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү А. Исаковдун жана Э. Садыбакасовдун жана “Акжолтой-Апа” бала бакчасынын башчысы Б. Байдалиеванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Куйручук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Куйручук айылындагы “Акжолтой-Апа” бала бакчасына деп айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралган акча каражаты жана 2020-жылда ата-энелерден чогулган акча (родвзнос), өлкөбүздөгү кырдаалга байланыштуу (короновирус) үнөмдөлгөн каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.
- “Акжолтой-Апа” бала бакчасынын атайын каражат (спец) 71750 (жетимиш бир миң жети жүз элүү )сом. Жыл башынан калдык бюджеттен 91 800 (токсон бир миң сегиз жүз) сом 2218 статьясынан 2215 статьясына жылдырылсын. Баардык сумма 163550 (жүз алтымыш үч миң беш жүз элүү )сом. (смета тиркелет).
2. Бөлүштүрүлгөн каражаттарды максаттуу жана мыйзамдуу пайдаланууну айыл өкмөт башчысы Т. Асановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун массалык маалымат каражаттарына жарыялоону жана Нарын облустук юстициялык башкармалыгынан каттоодон өткөрүүнү Куйручук айылынын жооптуу катчысы М. Касымовага тапшырылсын.
Төрага | З. Баисов |