Редакцияот 14.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVIII чакырылышынын 1 сессиясы

 

2021-жылдын 14-майы № 28-1-1

Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVIII чакырылышынын кеңештин төрагасын  шайлоо жөнүндө

 

 Кабак аймагынын айыл кеңешинин төрагасына сунушталган  талапкер Абдыралиев Дастан Турусбекович   жабык добуш берүү менен өткөн шайлоонун жыйынтыгынын негизинде, берилген добуштарды санап жана Кабак айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Кабак айыл аймагынын  айылдык кеңеши токтом кылат:

1.      Кабак айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVIII чакырылышынын депутаттардын сунушу менен Кабак айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын төрагасына сунушталган Абдыралиев Дастан Турусбекович жалпы катышкан депутаттардын көпчүлүгү же болбосо он  добушун алгандыктан Кабак айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVIII  чакырылышынын төрагасы деп бекитилсин

2.       Жаны шайланган Кабак айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVIII   чакырылышынын төрагасы Абдыралиев Дастан Турусбекович, Кабак айыл аймагынын айылдык кеңешине тийиштүү мөөр жана башка оргтехникаларды өткөрүп берүүнү Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге милдеттендирилсин. 

3.      Ушул токтом айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, Kabak.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге жүктөлсүн.

 

 Төрага

Д.Абдыралиев