КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 23 сессиясы
2021-жылдын 5-апрели № 27-23-4
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө хундай экскаваторунун ордуна алынган турак-үйдү айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө
Кабак айыл өкмөтүнө алынган экскаватордун ордуна Бишкек шаарынын Биринчи-Май районунун Власова көчөсүнүн №12а 1-02-07-0019-0159 кодунда турган турак-жайды айыл өкмөтүнүн балансасына алуу боюнча Кабак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Самсалиевдин билдирүүсүү 2021-жылыдн 2-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому менен турак үй бошотулгандыгына байланыштуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кабак айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:
- Кабак айыл өкмөтүнө алынган экскаватордун ордуна алынган Бишкек шаарынын Биринчи-Май районунун Власова көчөсүнүн №12а 1-02-07-0019-0159 кодунда турган турак-жайы айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
- Алынган турак-жайды мамлекеттик каттоодон өткөрүп жана керекүү документтерин камсыз кылуу жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге жүктөлсүн.
- Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Жээнбеков |