Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 23 сессиясы
2021-жылдын 18-февралы № 27-23-3
Жалал-Абад –Балыкчы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 2 фазасында Кабак айыл аймагынан өткөн авто жолду “Өнөр жай, транспорт, байланыш” багытында өзгөртүп трансфармациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомуна ылайык “Өнөр жай, транспорт, байланыш” багытында Жалал-Абад–Балыкчы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 2 фазасында Кабак айыл аймагынан өткөн авто жолундагы жайыт жерлерин трансфармациялап Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Жол министрлигине пайдаланууга берүү жөнүндө” Кабак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагынан өткөн авто жолундагы жайыт жерлерин “Өнөр жай, транспорт, байланыш” багытына которуп, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Жол министрлигине пайдаланууга берилсин.
2. Жайыт жерлеринен ______ га жер “Өнөр жай, транспорт, байланыш” багытына которулуп берилсин.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.Kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге милдеттендирилсин,
Төрага | С.Жээнбеков |