КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 23 сессиясы
2021-жылдын 18-февралы № 27-23-2
2020-жылдын бюджетинин кирешелеринин эсебинен калган үнөмдөлгөн каражатты бөлүштүрүү жөнүндө
Кабак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жыйынтыгындагы жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин эсебинен үнөмдөлүп калган каражаттын жалпы суммасы 2 548330.63 сом (эки миллион беш жүз кырк сегиз миң үч жүз сотуз сом сом алтымыш үч тыйын), жана атайын каражаттан үнөмдөлгөн 23580 (жыйырма үч миң беш жүз сексен) сом Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мектеп, бала бакчанын жетекчилеринин жана айылдык жашоочуларынын кайрылуу сунуштарын Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
- Кабак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдыгы жыйынтыгындагы жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин эсебинен үнөмдөлүп калган каражат төмөндөгү жумуштарга жумшалсын;
- Кабак айыл өкмөтүнөн 2020-жылдын атайын каражатынан үнөмдөлгөн 23580 (жыйырма үч миң беш жүз сексен) акча каражаты АУПтан 1460 (бир миң төрт жүз алтымыш) сом, бала-бакчадан 22120 ( жыйырма эки миң бир жүз жыйырма) сом төмондөгүдөй бөлүнсүн .
- Балабакчасына тамак аш үчүн 22120 (жыйырма эки миң бир жүз жыйырма) сом.
- Айыл өкмөтүнүн башка чыгымдары үчүн 1460 (бир миң төрт жүз алтымыш) сом.
- Карабай айылына арык салуу үчүн 885000 (сегиз жүз сексен беш миң ) сом.
- Чоң –Жекат жолун оңдоо үчүн 100000(жүз миң) сом
- Кичи-Жекат жолун оңдоо үчүн 100000(жүз миң) сом
- Бостон-Кайың жолун оңдоо үчүн 100000(жүз миң) сом
- Кең-Суу жолун оңдоо үчүн 250000(эки жүз элүү миң) сом
- Жан-Чукур жолун оңдоо үчүн 73886 (жетимиш үч миң сегиз жүз сексен алты) сом
- Туризмди колдоо үчүн 60000(алтымыш миң) сом
- Карабай айылына кольцо, труба алуу үчүн 27000 (жыйырма жети миң) сом.
- Дүңгүрөмө айылына труба алуу үчүн 84000 (сексен төрт миң) сом.
- Таза сууга керектүү шаймандарды алуу үчүн 76500 (жетимиш алты миң беш жүз) сом
- Котур-Суу айлынын жолун оңдоо үчүн 400000 (төрт жүз миң) сом.
- Маданият тармагына 150000 (жүз элүү миң) сом.
- Жаштар жана спорт тармагына 21.944 (жыйырма бир миң тогуз жүз кырк төрт) сом
- И.Орозалиев мектебине китеп алуу үчүн 200000 (эки жүз миң) сом
- Сот, адвокатка которуу үчүн 20000 (жыйырма мин) сом
- Жайыт комитетинен үнөмдөлүп калган 19716(он тогуз миң жети жүз он алты) сом акча каражат жайыт комитетинде калтырылсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге милдеттендирилсин