Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 23 сессиясы
2021-жылдын 18-февралы № 27-23-1
Кабак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылга бюджетин, 2022-2023-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Кабак айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кабак айыл өкмотүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга кирешеси жана чыгаша бөлугү өзгөртүү жана толуктоо киргизүү менен- 9084,2(тогуз миң сексен төрт миң эки тыйын) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2021-жылга Кабак айыл өкмөтүнун жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү- 12333,5(он эки миң үч жүз отуз үч сом беш тыйын) сом өлчөмүндө бекитилсин.
Анын ичинен;- тендештирме гранд-6014,3(алты миң он төрт сом үч тыйын) сом
- Салыктан түшкөн киреше- 6319,2 (алты миң үч жүз он тогуз сом эки тыйын) сом
3. 2022-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмүнүн долбоору-12536,4(он эки миң беш жүз отуз алты сом төрт тыйын) сом өлчөмүндө бекитилсин
Анын ичинен: -тендештирме гранд-6034,2(алты миң отуз төрт сом эки тыйын)
- Салыктан түшкөн киреше-6502,2(алты миң беш жүз эки сом эки тыйын) сом
4. 2023-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору-12643,4(он эки миң алты жүз кырк үч сом төр тыйын) сом өлчөмүндө бекитилсин.
Анын ичинен :-тендештирме грант-6017,2(алты миң он жети сом эки тыйын)
-салыктан түшкөн киреше-6626,2(алты миң алты жүз жыйырма алты сом эки тыйын)
5. Айыл өкмөтүндө эмгек акыга, социялдык фондко жана сметага каралган баардык статьяларды чыгымдоого лимиттен ашпай иш алып барууну жана биринчи кезекте корголгон статьялар (эмгек акы, соц.фонд, комуналдык кызмат бала бакчанын тамак –ашы үчүн, электр энергия, жылуулук ж.б.)
6. Кабак айыл өкмөтүнүн жайыт акы төлөмүмөн түшө турган каражаттардын киреше жана чыгаша бөлүгү 111 миң 200 сомго бектилсин.
7. Сатууда алынууга салыктан түшпөгөн каражаттар Кыргыз Республикаксынын финансы министирлигинен кошумча суралсын.
8. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кабак айылдык Кеңешинин Финансы экономика маселелелри боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Жээнбеков |