Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 23 сессиясы
2020-жылдын 20-ноябры № 27-22-4
Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1988-жылдын 14-февралындагы Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга берүү жөнүндө №66 токтомунун негизинде Кабак айыл аймагынын жайыт жерлерин убактылуу пайдаланууга берүүгө Кабак айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы А.Рысалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкулап Кабак айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:
1. Пайдалануу үчүн төлөнүүчү акысы Кыргыз Республикасыныны “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жана Кабак айылдык Кеңешинин токтому менен ишке ашырылсын.
2. Жайыт пайдалануучулардын келишиминин негизинде иш алып барылсын жайыт комитетинин төрагасы А.Рысалиевге милдетендирилсин
3. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга берүү үчун төмөндөгүдөй ижара акысы бекитилсин.
-1.0га жер үчүн 4000( төрт миң сом) өлчөмүндө жана жердин көлөмүнө жараша эсептелсин.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, www.Kabak.kg веб-сайтына жарялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Жээнбеков |