Редакцияот 20.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 22 сессиясы

 

2020-жылдын 20-ноябры № 27-22-3

2215 статьядан 2111 жана 2121 статьяларга акча каражатын жылдыруу жөнүндө

 

  Кабак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Самсалиевдин айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджети боюнча билдирүүсүн угуп жана маданият кызматкерлерине эмгек акы үчүн талкуулап Кабак айылдык кеңеши токтом кылат:

1.    Кабак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинде каралган 2215 статьядан 2111 статьясына эмгек акча үчүн каражаты 49100 (кырк тогуз миң бир жүз) сом. 2215 статьядан 2121 статьясына Соцфондго чегерүүгө  10200 (он миң эки жүз) сом. Бардыгы 59300 (элүү тогуз миң үч жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.    Бул токтом айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, www.Kabak.kg веб-сайтына жарялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине  киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге милдеттендирилсин,

 

 Төрага

С.Жээнбеков