КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 22-сессиясы
2020-жылдын 20-ноябры № 27-22-1
Кабак айыл аймагынын №4124, 4125 шайлоо участкаларынын комиссияларынын резервдик курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Кабак айыл аймагынын №4124, 4125 шайлоо участкаларынын комиссияларынын резервдик курамына талапкерлерди көрсөтүүдө шайлоо комиссиясынын курамына кирүү үчүн арыз менен кайрылган жарандардын талапкерлигин Кабак айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:
1. Кабак айыл аймагынын №4124, 4125 шайлоо участкаларынын комиссияларынын резервдик курамына талапкерлерди киргизүү үчүн төмөндөгү адамдар сунушталсын. (тиркеме тиркелет
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, www.Kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Жээнбеков |