Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 21 сессиясы
2020-жылдын 20-августу № 27-21-3
Кабак айыл өкмөтүнө алынган эксковатордун ордуна алынган турак-жайды айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө
Кабак айыл өкмөтүнө алынган эксковатордун ордуна алынган Бишкек шаарынын Биринчи-Май районунун Власова көчөсүнүн №12а 1-02-07-0019-0159 кодунда турган турак-жайды айыл өкмөтүнүн балансасына алуу боюнча Кабак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Самсалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кабак айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:
1. Кабак айыл өкмөтүнө алынган эксковатордун ордуна алынган Бишкек шаарынын Биринчи-Май районунун Власова көчөсүнүн №12а 1-02-07-0019-0159 кодунда турган турак-жайы айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. Алынган турак-жайды мамлекеттик каттоодон өткөрүп жана керектүү документтерин камсыз кылуу жагы Кабак айыл аймагынын айыл окмотунун башчысы М.Самсалиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.Kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге милдеттендирилсин,
Төрага | С.Жээнбеков |