Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 21 сессиясы
2020-жылдын 20-августу № 27-21-2
Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга берүү жөнүндө” № 66 токтомуна ылайык Кабак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт ресурстарын жайыт менен байланышпаган “Майда-Тал” участкасынан 0.50 га жер аянтын Абдыралиева Нурзаада Шайлообековнага башка максаттарга убактылуу пайдаланууга 10 (он) жылга берилсин.
2. Пайдалануу үчүн төлөнүүчү акысы Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жайыт комитетинин келишими, айыл өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылсын.
3. Кабак айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 4-июнундагы №26-15-5 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Жайыт пайдалануучулардын келишиминин негизинде иш алып баруусун жайыт комитетинин төрагасы А.Рысалиевге, Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.Kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге милдеттендирилсин,
Төрага | С.Жээнбеков |