Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 21 сессиясы
2020-жылдын 20-августу № 27-21-1
Кабак айыл Кеңешинин 2020-жылдын 4-февралындагы ХVIII сессиясынын №27-18-2 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Самсалиевдин айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджети боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кабак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кабак айыл аймагынын Кең-Суу айылынын электр энергиясынын мамыларын алууга бөлүнгөн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты Кабак айыл аймагынын Табылгыты-Кызыл-Коргон айылдарынын таза суусуна 342 000 (үч жүз кырк эки миң) сом, Туризмди өнүктүрүүгө жабдыктарды алуу 38 000 (отуз сегиз миң) сом, Котур-Суу айылындагы Төө-Карын жолуна 420 000 (төрт жүз жыйырма миң) сом, Өрнөк-ФАПка 200 000 (эки жүз миң) сом болуп бөлүнсүн.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.Kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге милдеттендирилсин,
Төрага | С.Жээнбеков |