Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 20 сессиясы
2020-жылдын 17-апрели № 27-20-4
Жумгал районунун Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык инспекторунун ыйгарым укуктарын өкүлдөө келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндөгү №145 токтомунун негизинде Кабак айыл аймагынын айылдык кенеши XXVII чакырылыштагы сессиясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Мыйзамынын 20 беренесинин 2 жана З-пункттарын жетекчиликке алып, токтом кылат:
1. Жумгал районунун Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык инспекторунун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Салык кызматынын Жумгал райондук Салык инспекциясы менен Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда тузүлгөн эки тараптуу келишими бекитилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрөлүп, www.Kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчун Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге милдеттендирилсин,
Төрага | С.Жээнбеков |