Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 20 сессиясы
2020-жылдын 17-апрели № 27-20-2
Жумгал районунун Коронавирустук инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу иштерин көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн оперативдик штабдын №22 протоколун Кабак айыл аймагында аткаруу жөнүндө
Кабак айыл аймагынын айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Абал турукташкан учурга чейин айыл аймакта ар бир соода түйүндөрүндө, жеке үйлөрдө жана башка түйүндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.
2. Айыл аймакта ар бир азык-түлүк товарлардын сатуучу соода түйүндөрүнүн иштөө графиги эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 19:00гө чейин иштөө графигине өтүшсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге тапшырылсын.
Төрага | С.Жээнбеков |