КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 20 сессиясы
2020-жылдын 17-апрели № 27-20-1
Кабак айыл аймакгында 2020-жылга айдап себүүгө, көчүп-конууга даярдык көрүү жөнүндө
Кабак айыл аймагынын айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча угуп жана талкуулап токтом кылат:
- 2020-жылга карата айдап себүүгө даярдык көрүү үчүн айыл ичиндеги малдарды 1-майдан тартып сырткы жайытка көчүрүү уюштурулуусун аткарууну Жайыт комитети, Айыл башчылар камсыз кылышсын.
- Жайлоодон түшүү жана сырткы жайыттан ички жайытка кайра көчүп келүү 1-октябрда түшсүн.
- Чоң Жекат, Кичи Жекат, Табылгыты айдоо аянтарына 15-сентябрда түшсүн.
- Айдоо аянттарына мал кирип эгиндерине зыян келтирген учурда айып пул бодо малга мал башына 500 сом, жандыка 100сом.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге тапшырылсын.