Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 18 сессиясы
2020-жылдын 04-февралы № 27-18-8
Кабак айыл аймагынын №4124, 4125 шайлоо участкаларынын комиссияларынын резервдик курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Кабак айыл аймагынын №4124, 4125 шайлоо участкаларынын комиссияларынын резервдик курамына талапкерлерди көрсөтүүдө шайлоо комиссиясынын курамына кирүү үчүн арыз менен кайрылган жарандардын талапкерлигин Кабак айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:
1. Кабак айыл аймагынын №4124, 4125 шайлоо участкаларынын комиссияларынын резервдик курамына талапкерлерди киргизүү үчүн төмөндөгү адамдар сунушталсын. (тиркеме тиркелет) 2 баракта
2. Бул токтом айыл окмотунун каттоодон өткөрүлүп, www.Kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге милдеттендирилсин,
Төрага | С.Жээнбеков |