Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 18 сессиясы
2020-жылдын 04-февралы № 27-18-7
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнун жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджетин бекитүү үчүн Кабак айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы А.Рысалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:
1. Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2020-жылга карата жалпы бюджети 287,740(эки жүз сексен жети миң жети жүз кырк) сом менен бекитилсин
2. Погрузчик жана ветеринариялык купкадан түшкөн акча каражаты 60,000 (алтымыш миң) сом
3. Жайыттарды пайдалануудан түшкөн акча каражаты 169,740 (жүз алтымыш тогуз миң жети жүз кырк) сом
4. Жайыттарды башка максатта пайдалануудан түшкөн акча каражаты 48,000 (кырк сегиз миң) сом
5. Жайыт комитетинин бюджетинин туура пайдалануу жана бекитилген тариф боюнча жайыт пайдалануучулардын чогултууну, Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнун жайыт комитетинин төрагасы А.Рысалиевге милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге тапшырылсын.
Төрага | С.Жээнбеков |