Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 18 сессиясы
2020-жылдын 04-февралы № 27-18-4
АРИСтин АИД-3 долбооруна сунушталып жаткан ири жана чакан долбоордук сунуштун дизайнын бекитүү жөнүндө
АРИСтин АИД-3 долбоорунун алкагында конкурска катышуу үчүн демилгелүү топ тарабынан даярдалган ири жана чакан долбоордук сунуштун дизайнын Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. АРИСтин АИД-3 долбооруна даярдалган ири жана чакан долбоордук сунуштун дизайны алымча кошумчасы менен жактырылсын жана облустук комиссияга жөнөтүлсүн.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге тапшырылсын.
Төрага | С.Жээнбеков |