Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 18 сессиясы
2020-жылдын 04-февралы № 27-18-2
2019-жылдын бюджетинин кирешелеринин эсебинен калган үнөмдөлгөн
каражатты бөлүштүрүү жөнүндө
Кабак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин эсебинен үнөмдөлүп калган каражаттын жалпы суммасы 3 031 065 сом 95 тыйын (үч миллион отуз бир мин алтымыш беш сом токсон беш тыйын) жана атайын каражаттан үнөмдөлгөн 18140(он сегиз миң бир жүз кырк) сом Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мектеп, бала бакчанын жетекчилеринин жана айылдын жашоочуларынын кайрылуу, сунуштарын Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кабак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин эсебинен үнөмдөлүп калган каражат төмөндөгү жумуштарга жумшалсын:
1. Кабак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы атайын каражатынан үнөмдөлгөн 18140 (он сегиз миң бир жүз кырк)сом акча каражаты АУПтан 1760 (бир миң жети жүз алтымыш) сом, бала-бакчадан 16380(он алты миң үч жүз сексен)сом төмөндөгүдөй бөлүнсүн.
-Бала бакчасына 16380(он алты миң үч жүз сом)
-Айыл өкмөтүнүн башка чыгымдары үчүн 1760(бир миң жети жүз алтымыш)сом.
1. Ордо ойноочу жай куруу 300 000(үч жүз миң ) сом.
2.Кабак айыл өкмөтүнө кызматтык авто унаа алуу үчүн 600 000(алты жүз) мин сом.
3. Сары-Булуң айылынын окуучуларын тартып келүү үчүн кичи автобус алууга 250 000(эки жүз элүү миң) сом.
4. Кең-Суу айылынын окуучуларын тартып келүү үчүн кичи автобус алууга 250 000 (эки жүз элүү миң) сом.
5. Кең-Суу айылына электр мамыларын (столба) алууга 1 000 000 (бир миллион) сом.
6. Чоң-Жекат жолун кезектеги ремонттон өткөрүү үчүн 50 000(элүү миң) сом.
7. Кичи-Жекат жолун кезектеги ремонттон өткөрүү үчүн 50 000(элүү миң) мин сом.
8. Бостон-Кайың жолун кезектеги ремонттон өткөрүү үчүн 50 000(элүү миң) сом.
9. Кызыл-Коргон айылына көпүрө курууга 592 000(беш жүз токсон эки миң)сом.
12.Дүнгүрөмө суу арыгын тазалоо үчүн 20 000(жыйырма миң) сом.
13.Маданият тармагындагы өткөрүүлүчү иш чараларга 156, 645,95 (бир жүз элүү алты миң алты жүз кырк беш сом токсон беш тыйын)
14. 4420 (төрт минң төрт жүз жыйырма) сом Кабак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине калтырылсын
15. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрөлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
16. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге тапшырылсын.
Төрага | С.Жээнбеков |