КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 18 сессиясы
2020-жылдын 04-февралы № 27-18-1
Кабак айыл өкмөтүнун 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга бюджетин, 2021-2022-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Кабак айылдык Кеңешинин сессиясын угуп жана талкулап токтом кылат:
- Кабак айыл өкмөтүнун жергиликтүү бюджетинен 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн өзгөртүү жана толуктоо киргизүү менен – 8620.5 (сегиз миң алты жүз жыйырма сом беш тыйын) өлчөмүндө бекитилсин
- 2020-жылга Кабак айыл өкмөтүнун жергиликтүү бюджетинен киреше жана чыгаша бөлүктөрү -10870000 (бир миллион сексен жети миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
анын ичинен :-теңдештирме грант-4907,8 (төрт миң тогуз жүз жети миң сом сегиз тыйын)
салыктан түшкөн киреше-5962 (беш миң тогуз жүз алтымыш эки)сом
- 2021-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору – 11117.1 (он бир миң жүз он жети сом бир тыйын) сом өлчөмүмдө бекитилсин
анын ичинен :-теңдештирме грант-4897.9 ( төрт миң сегиз токсон жети сом тогуз тыйын)
салыктан түшкөн киреше-6219.2 (алты миң эки жүз он тогуз сом эки тыйын)
- 2022-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору-11220.7 (он бир миң эки жүз жыйырма сом жети тыйын) сом өлчөмүндө бекитилсин
анын ичинен :-теңдештирме грант -4802.5 (төрт миң сегиз жүз эки сом беш тыйын)
салыктан түшкөн киреше-6418.2 (алты миң төрт жүз он сегиз сом эки тыйын)
- Айыл өкмөтүндө эмгек акыга, социялдык фондко жана сметада каралган баардык статьяларды чыгымдоодо лимиттин ашпай иш алып барууну жана биринчи кезекте корголгон статьялар (эмге акы, соц.фонд, комуналдык кызмат, бала бакчанын тамак-ашы үчүн, электр энергия, жылуулук ж.б) каржылоо жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Бусуповго милдеттендирилсин.
- Сатуудан алынуучу салыктан түшпөгөн каражаттар Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинен суралсын.
- Кабак айыл өкмөтүнүн жайыт акы төлөмүнөн түшө турган каражаттардын киреше жана чыгаша бөлүгү 111 миң 200 сомго бекитилсин
- Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге тапшырылсын.