Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVI чакырылышынын 17 сессиясы
2019-жылдын 30-декабры № 27-17-1
Кабак айыл өкмөтүнүн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын баяндамасындагы сунушун угуп. талкуулап Кабак айылдык Кеңеши токтом кылат;
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды, Кабак айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кабак айыл аймагындагы айыл өкмөт аткаруу милдетине, айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Жолдошбеков Жанатбек Жолдошбековичке бекитилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрөлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге тапшырылсын.
Төрага | С.Жээнбеков |