Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Бишкек шаары, 2003-жылдын 5-августу № 191
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 27-статьянын 8-пункту алып салынсын.
2. 28-статьянын 3-пунктундагы "тартып алуу жана конфискациялоо" деген сөздөр "конфискациялоо" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. 33-статьянын биринчи бөлүгү "укуктан" деген сөздөн кийин "соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 36-статья алып салынсын.
5. 149-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацы "укугунан" деген сөздөн кийин "соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 230-статьянын экинчи абзацы "же" деген сөздөн кийин "соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 238-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацы жана экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацы "же" деген сөздөн кийин "соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 241-статьянын экинчи абзацы "же" деген сөздөн кийин "соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 246-статьянын экинчи абзацы "же" деген сөздөн кийин "соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
10. 248-статьянын экинчи абзацы "же" деген сөздөн кийин "соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
11. 264-статьянын экинчи абзацы "же" деген сөздөн кийин "соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
12. 265-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацы "же" деген сөздөн кийин "соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
13. 508-статья "157" деген сандан кийин "230, 238-статьянын биринчи жана экинчи бөлүгү, 241, 246, 248-статьялар" деген сандар, сөздөр менен, "254-статьялар" деген "сөздөрдөн кийин "264, 265" деген сандар менен толукталсын.
14. 511-статьяда:
- экинчи абзацтагы "230" деген сан "229" деген сан менен алмаштырылсын; "238-статьянын биринчи, экинчи бөлүктөрү" деген сөздөр жана "241-статьясында" деген сөздөр алып салынсын;
- алтынчы абзацтагы "230" деген сан "229" деген сан менен алмаштырылсын; "238-статьянын биринчи, экинчи бөлүктөрү" деген сөздөр жана "241-статьясында" деген сөздөр алып салынсын; "244-250-статьялар" деген сөздөр "244, 245, 247, 249, 250-статьяларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15. 565-статьяда:
- биринчи бөлүктөгү "прокурордун санкциясы менен кабыл алып бөлүштүргүчтөрдө кармоо аркылуу администрациялык кармоонун отуз суткага чейинки" деген сөздөр "соттун чечими боюнча кабыл алып бөлүштүргүчтөрдө кармоо аркылуу администрациялык кармоонун он беш суткага чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- экинчи бөлүктөгү "же прокурордун санкциясы менен он суткага чейинки" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү бөлүктөгү "чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн жана демонстрацияларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин бузууну;" жана "товарларды же башка буюмдарды мыйзамсыз сатууну" деген сөздөр алып салынсын.
16. 567-статьяда:
- экинчи бөлүктөгү ", ал эми буюмдарды ордун толтуруп алып коюуда сатып өткөрүлөт" деген сөздөр алып салынсын;
- төртүнчү бөлүктүн биринчи сүйлөмүндөгү "токтом" деген сөз "соттун чечими" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
17. 603-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "ордун толтуруу менен алынган жана" деген сөздөр алып салынсын.
18. 626-статья алып салынсын.
19. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде пайдаланылуучу түшүнүктөр" деген VI бөлүмдө:
- он бешинчи бөлүк ("Буюмду ордун толтуруу менен алуу" деген түшүнүк) алып салынсын;
- элүү жетинчи ("Атайын укуктардан ажыратуу" деген түшүнүк) бөлүктө "укуктан" деген сөздөн кийин "соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2003-жылдын 24-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |