Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2020-жылдын 12-августу № 1
Өрүктү айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өрүктү айылдык аймагынын каржы экономика бөлүм башчысынын билдирүүсүнүн негизинде, 2020-жылга бекитилген бюджетинин 2218 (тамак аш сатып алуу) статьясында Kovid19 илдетине байланыштуу балдар бакчалары карантинге жабылгандыктан, жогорудагы статьяда каралган каражат иштетилбей калган. Бюджеттин 2218 статьясында каралган акча каражатын башка статьяларга жылдыруу боюнча ФЭБнин башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Өрүктү айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинде каралган 2218 (тамак аш сатып алуу) статьясынан 3111 статьясына 400,0 мин, 2215 статьясына 200.0 мин, бардыгы болуп 600,0 мин сом акча каражатын жылдырууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы ФЭБ нин башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |