Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз V сессиясы
2020-жылдын 12-августу № 2
“Өрүктү Тазалык” муниципалдык ишканасынына таштандыларды ташып чыгаруу үчүн Портер Хюндай автоунаасын сатып алуу жөнүндө
Өрүктү айыл аймагындагы жергиликтүү тургундарынын муктаждыктарын аткаруу максатында калктын үй-тиричилик калдыктарын ташуу үчүн “Өрүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына Портер Хюндай автоунаасын сатып алууга уруксат берүү үчүн Өрүктү айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өрүктү Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы Ж.Хасанбаевдин арызы эске алынсын.
2. Жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын аткаруу,айлана - чөйрөнүн тазалыгын камсыздоо,таштандыларды ташып чыгаруу боюнча айыл аймагынын милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн Портер Хюндай автоунаасын сатып алууга “Өрүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына бөлүнгөн 2512 статьясынан 160 000 (бир жүз алтымыш миң) сом акча каражаты берилсин.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |