Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз V сессиясы
2020-жылдын 5-декабры № 1
Өрүктү айылдык аймагынын 2020-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Өрүктү айылдык аймагынын 2020-жылдын 9-айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча ФЭБнун башчысы М.Осмонбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Өрүктү айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Өрүктү айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. 2020-жылдын 9-айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |