Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз V сессиясы
2020-жылдын 5-декабры № 2
Айыл аймактын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсүнүн негизинде Өрүктү айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагынын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордү киргизүү боюнча финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. 2020-жылга Өрүктү айыл аймагынын бюджетинин азык түлүк сатып алуу үчүн 2218 статьясындагы 414 000 (төрт жүз он төрт миң) сом акча каражаты 3111 статьясына (курулушка) жылдырылсын.
3. COVID-19 пандемиясына байланыштуу муктаж болгон жергиликтүү тургундардын кайрылууларын эске алып Өрүктү айыл аймагынын бюджетинин 2215 статьясынан 2824 статьясына (резерв фонд) 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
4. “Өрүктү Тазалык” муниципалдык ишканасы үчүн Өрүктү жайыт комитетинин 3112 статьясынан 2512 статьясына 160 000 (жүз алтымыш миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
5. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
6. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Аким уулу Азамат |