Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз V сессиясы
2020-жылдын 5-декабры № 3
“Өрүктү Тазалык” муниципалдык ишканасынын Таза суу боюнча долбоорун ишке ашыруу үчүн коптаж куруу жер тилкесин ажыратууга уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагындагы жергиликтүү тургундарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында “Өрүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына коптаж курууга жер тилкесин ажыратууга уруксат берүү үчүн Өрүктү айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өрүктү Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы Ж.Хасанбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Жергиликтүү тургундарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында “Өрүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына суу топтоочу коптаж куруу үчүн Өрүктү-Сай айылындагы Буйра-Өрүктү-Сай участкасынан 0,15 га жер тилкесин ажыратып мыйзамга ылайык келтирүүгө уруксат берилсин.
3. Жогорудагы жер тилкесин КР жер жөнүндөгү Мыйзамдарына ылайык келтирип, ажыратып алуу жагы Өрүктү айылдык аймагынын башчысы Р.Кийикбаевге жүктөлсүн.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Аким уулу Азамат |