ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз V сессиясы
2020-жылдын 5-декабры № 5
Айыл аймактын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсүнүн негизинде Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айыл аймагынын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордү киргизүү боюнча финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. 2020-жылга Өрүктү айыл аймагынын бюджетинен балдар бакчасынын башка сатып алуулар (прочие) 2215 статьясындагы 65000 (Алтымыш беш мин) сом акча каражаты аппараттын 2215 статьясына (башка сатып алуулар) жылдырылсын.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Аким уулу Азамат |