ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз V сессиясы
2020-жылдын 5-декабры № 6
Өрүктү-Сай айылынын борбордук көчөсүн жарыктандыруу үчүн керектүү материалдарды жана жабдууларды сатып алууга уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айылдык аймакка караштуу Өрүктү-Сай айылынын борбордук көчөсүн жарыктандыруу үчүн керектүү материалдарды жана жабдууларды сатып алууга уруксат берүү максатында айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айылдык аймагы тарабынан даярдалган жарыктандыруу үчүн керектүү материалдардын жана жабдуулардын сметасына ылайык 1 210 350 (бир миллион эки жүз он миң үч жүз элүү сом), Өрүктү айылынын Сенобаза участкасыннын тургундарынын кайрылуусунун негизинде жаңы трансформатор КТП-160 сатып алуу үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом,бардыгы болуп 1 410 350 (бир миллион төрт жүз он миң үч жүз элүү) сом акча каражаты айыл аймагынын бюджетинин 3111 статьясынан берилсин.
2. Жогорудагы сатып алууларды КРнын мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу сатып алуу жагы айыл өкмөттүн ФЭБнө жүктөлсүн.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Аким уулу Азамат |