Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз V сессиясы
2020-жылдын 5-декабры № 7
“КGM Ltd” алтын өндүргөн ЖЧКсы иштеткен жерлерди айыл аймактын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө
Өрүктү айыл аймагына караштуу Орто-Токой участкасында алтын казуу иштерин жүргүзгөн “КGM Ltd» жоопкерчилиги чектелген коому казылган жерлерди жана казуудан баш тарткан жер участокторун айылдык аймагынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу максатында Өрүктү айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын экологиялык Мыйзамдарына ылайык кең казуу иштери аяктагандан кийин “КGM Ltd”жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан картада белгиленип иштетилип, рекультивация болгон жана иштетүүдөн баш тарткан жер тилкелерин айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кайтарылып алынсын. (Рекультивация жана казылбай калган жер тилкелеринин актысы тиркелет)
2. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу таштандыларды таштоочу жер тилкеси үчүн “КGM Ltd”жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан казылган жер аянты ошол бойдон (рекультивация болбостон) айыл аймагынын муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
3. Аталган жер тилкелерин айыл аймактын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жагы Өрүктү айылдык аймагына жүктөлсүн.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер өзгөчө кырдаалдар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрагасы: | Аким уулу Азамат |