Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз V сессиясы
2020-жылдын 5-декабры № 8
«Амантур Строй Сервис» ЖЧКсына жер аянтын бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Жоопкерчилиги Чектелген Коом «Амантур Строй Сервис» 2020-жылдын 23-ноябрындагы арызынын негизинде Соломо участкасынан асфальт жана таш майдалоочу (дробилка) завод куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү максатында Өрүктү айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык аймагына караштуу Соломо участкасынан муниципалдык менчикте турган 1,0 га жер тилкесин асфальт жана таш майдалоочу (дробилка) завод куруу үчүн ижарага 5 (беш) жылдык мөөнөт менен ажыратылып берилсин.
2. Айыл өкмөт менен «Амантур Строй Сервис» ЖЧКсы ортосунда мыйзам чегинде эки тараптуу келишими түзүлсүн.
3. Келишимдин негизинде Өрүктү айыл өкмөтү жана Жоопкерчилиги Чектелген Коом «Амантур Строй Сервис» менен биргеликте эки тараптуу социалдык пакети айылдык кеңештин кароосуна сунушталсын.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Аким уулу Азамат |