Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз V сессиясы
2020-жылдын 5-декабры № 9
Өрүктү айыл аймагынан Үлүштүк стимул грантка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзуна сунушталуучу долбоорлорго өздүк салым кошуу жөнүндө
Өрүктү айыл аймагына караштуу Өрүктү,Орто-Токой ,Чолок-Тума айылдарынын таза суу үчүн түтүктөрүн реабилитациялоо ,Өрүктү-Сай айылынын Осмонбеков атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү,Өрүктү айылындагы китепкананын кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу долбоору,Өрүктү айылындагы стадиондун кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу максатында Өрүктү айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үлүштүк (стимул) грантка Өрүктү айыл аймагына караштуу Өрүктү, Орто-Токой, Чолок-Тума айылдарынын таза суу түтүктөрүн реабилитациялоо долбооруна айыл өкмөттүн өздүк салымы катары 245 318 сом (эки жүз кырк беш миң үч жүз он сегиз) сом акча каражатына уруксат берилсин.
2. Өрүктү-Сай айылынын М.Осмонбеков атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү долбооруна айыл өкмөттүн өздүк салымы катары 300 848 (үч жүз миң сегиз жүз кырк сегиз) сом акча каражатына уруксат берилсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзуна (ЖӨБ союзу) кызматтарды жакшыртуу үчүн сунушталуучу Өрүктү айылындагы китепкананын долбооруна айыл өкмөттүн өздүк салымы катары 80 000 (сексен миң) сом акча каражаты, Өрүктү айылындагы стадиондун долбооруна айыл өкмөттүн өздүк салымы катары 100 000 (жүз миң) сом акча каражатына уруксат берилсин.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Аким уулу Азамат |