Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 11-февралы № 1
2020-жылдын жыйынтыгы менен айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү отчетту угуу жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун 2020-жылдын жыйынтыгы менен Өрүктү айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсүнүн негизинде Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы токтом кылат:
1. Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Осмонбеков Медеткандын 2020-жылдын жыйынтыгы менен Өрүктү айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын.
2. Айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү Осмонбеков Медеткандын берилген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрагасы: | Аким уулу Азамат |