Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 11-февралы № 3
Өрүктү айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жыл ичинде аткарылган жумуштары боюнча жылдык отчету жана 2021-жылга карата түзүлгөн иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылдагы жүргүзгөн иши кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылга карата түзүлгөн бюджетинин сметасы бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2021-жылга киреше бөлүгү 850 000 (сегиз жүз элүү миң) сом, анын ичинен жер салыгы 55 800 (элүү беш миң сегиз жүз) сом, жергиликтүү бюджетке 33% 262 086 (эки жүз алтымыш эки миң сексен алты) сом, жайыт комитетине 67% 532 114 (беш жүз отуз эки миң бир жүз он төрт) сом бекитилсин.
4. Өрүктү-Сай айылынын Кысык участкасына 1 көпүрө, Боорду жайытына мал суу ичүүчү каптаж жайыт комитетинин эсебинен курулсун.
5. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрагасы: | Аким уулу Азамат |