Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 11-февралы № 4
Өрүктү айылдык аймагындагы суу пайдалануучулар ассоциациясынын (СПА) 2020-жыл ичинде аткарылган жумуштары боюнча жылдык отчету жана 2021-жылга карата түзүлгөн иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык аймагындагы суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2020-жылдагы жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2021-жылга карата бюджети сметага ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2021-жылга киреше бөлүгү 347, 6 миң, чыгаша бөлүгү 347,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрагасы: | Аким уулу Азамат |