ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 11-февралы № 5
“Нур-телеком” ЖЧК уюлдук байланыш компаниясынын антеннасын орнотуу үчүн жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Н. Арзыматовдун билдирүүсүнүн негизинде Өрүкту-Сай айылынын Кур-Сай участкасынан “Нур-телеком” ЖЧК уюлдук байланыш компаниясынын антеннасын орнотуу үчүн 20 кв м жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүүгө уруксат берүү жөнүндө Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Н. Арзыматовдун билдирүүсүн эске алып, Өрүктү-Сай айылынын калкын сапаттуу уюлдук байланыш менен камсыздоо максатында Өрүкту-Сай айылынын Кур-Сай участкасынан “Нур-телеком” ЖЧК уюлдук байланыш компаниясынын антеннасын орнотуу үчүн 20 кв м жер тилкесин КР Мыйзамдарынын чегинде убактылуу пайдаланууга берүү үчүн уруксат берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен “Нур-Телеком” ЖЧК нын ортосунда эки тараптуу келишим түзүлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрагасы: | Аким уулу Азамат |