Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 11-февралы № 6
Өрүктү айыл аймагына караштуу жайыттарда аңчылыкка уруксат алган жеке ишкерлер менен КР Мыйзамдарынын чегинде эки тараптуу макулдашууга уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Н. Арзыматовдун билдирүүсүнүн эске алып, КР Мыйзамдарында көрсөтүлгөндөй айыл аймагына караштуу аймактарда аңчылык жүргүзгөн жеке ишкерлер менен жайыт комитетинин ортосунда эки тараптуу келишим түзүү боюнча Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Арзыматов Нурмат Назарматовичке айыл аймакта аңчылык жүргүзүүгө уруксат алган жеке ишкер менен эки тараптуу сүйлөшүүнүн негизинде КР Мыйзамдарынын чегинде каржылык маселелерди чечүүгө уруксат берилсин.
2. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки тараптуу келишим түзүлүп, мыйзамдуу каражаттар айыл аймагынын бюджетине кириштелсин.
3. Айыл аймактын аймагында мергенчилердин мыйзамдуу аңчылык кылуусуна жайыт комитети көзөмөл жүргүзүшсүн.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрагасы: | Аким уулу Азамат |