Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 11-февралы № 7
Акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айылынын Т. Кочкорбаев көчөсүнүн тургундарынын арызынын, Соломо участкасына мал базарын уюштуруу үчүн 2 га жер аянтын тегиздөө үчүн жана Өрүктү-Сай айлынын борбордук көчөсүн жарыктандыруу долбоорунун жумуштарын сатып алууга акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылынын Т. Кочкорбаев көчөсүнө электр чубалгыларын сатып алуу боюнча сметасына ылайык (А35-1500м) 37 500 (отуз жети миң беш жүз) сом акча каражатын, Өрүктү-Сай айылынын борбордук көчөсүн жарыктандыруу долбоорунун жумуштарын сатып алуу үчүн 90 400 (токсон миң төрт жүз) сом акча каражатын жана Соломо участкасына мал базар уюштуруу максатында 2 га жер аянтын сүрүп тегиздөө үчун 3т (41х3000) 123 000 (бир жүз жыйырма үч миң) сом, бардыгы болуп 250 900 (эки жүз элүү миң тогуз жүз) сом тиешелүү статьялардан каралсын.
2. Жогорудагы сатып алууларды КР нын мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу сатып алуу жана аталган каражаттарды тиешелүү статьялардан бөлүп берүү ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрагасы: | Аким уулу Азамат |