Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 11-февралы № 8
Өрүктү айыл аймагындагы долбоордук документтерди даярдоо үчүн акча каражатын кармоо жөнүндө
Өрүктү айыл аймагында жаңы аткарылчуу долбоорлор үчүн долбоордук документтерди (ПСД) даярдоого акча каражаттарын кармоо максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы токтом кылат:
1. Айыл аймакта аткарылчу жаңы долбоорлор; Кең-Кол айылына спорт зал куруу үчүн 100 000 (жүз миң) сом, жаңгак бакка 50 000 (элүү миң) сом, Өрүктү айылына балдар бакчасын курууга 200 000 (эки жүз миң) сом, жалпы 350 000 (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты ДСД (долбоордук сметалык документтерди) даярдоо үчүн тиешелүү статьяларда кармалсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрагасы: | Аким уулу Азамат |