Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 11-февралы № 10
“Инвестстоун” ЖЧК на жер тилкесин ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Инвестстоун” ЖЧК нын Өрүктү айыл аймагында таш иштетүүчү завод куруу максатында жер тилкесин бөлүп берүү боюнча жазган кайрылуу катынын негизинде Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы токтом кылат:
1. “Инвестстоун” ЖЧКна Өрүктү айыл аймагында таш иштетүүчү завод курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө Өрүктү айылдык Кеңеши тарабынан макулдук берилсин.
2. КР Мыйзамдарынын чегинде жер тилкесин бөлүп берүү үчүн тиешелүү адистер тарабынан иш алып барылсын.
3. Токтомдун аткарылышы Өрүктү айыл аймагынын башчысы Р.Н. Кийикбаевге тапшырылсын.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрагасы: | Аким уулу Азамат |