ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 25-марты № 1
Өрүктү айыл аймагынын 2019-2023-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планынын экономикалык бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын 2019-2023-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планынын экономикалык бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын II сессиясы токтом кылат:
1. Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit GmbH (Германия эл аралык кызматташуу уюму - GIZ) "Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү" программасынын алкагында Европа Биримдиги жана Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү Федералдык министрлиги (BMZ) менен биргеликте каржыланып, MSDSP KG (Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасы) Ага Хан Фондунун демилгеси тарабынан ишке ашырып жаткан «Туруктуу жергиликтүү экономикалык өнүгүү» долбоорунун алкагында Өрүктү айыл аймагында түзүлгөн Жумушчу топ жана Дизайн команда иштеп чыккан Өрүктү айыл аймагынын 2021-2023-жылдар аралыгындагы Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү программасы Өрүктү айылдык аймагынын 2019-2023-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планынын экономикалык бөлүгү - тиркеме катары айыл өкмөттүн тийиштүү адистеринин толуктоолору менен бекитилсин.
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | Аким уулу Азамат |