Редакцияот 25.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2021-жылдын 25-марты № 2

Өрүктү айыл аймагынын “Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКсындагы атайын өкүлүн дайындоо жөнүндө

Өрүктү айыл аймагынын “Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКсындагы атайын өкүлүн дайындоо максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын II сессиясы токтом кылат:

 

1. Айыл аймактын жаштарынын сунуштары жана кайрылуулары эске алынып, Өрүктү айыл аймагынын “Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКсындагы атайын өкүлү болуп Кошбаев Урмат Кошбаевич отчеттуулугу белгиленип, бир жылдык мөөнөткө дайындалсын.

2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык тармактар, жаштар, укук, мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык Кеңешинин төрагасы:

Аким уулу Азамат