Редакцияот 25.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2021-жылдын 25-марты № 3

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2020-жыл ичинде аткарылган жумуштары боюнча жылдык отчетун бекитүү жөнүндө

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2020-жыл ичинде аткарылган жумуштары боюнча отчетун бекитүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын II сессиясы токтом кылат:

 

1. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2020-жыл боюнча отчету кемчилдиктери эске алынып эскертүү берүү менен канааттандырарлык эмес деп табылсын.

2. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишин кайрадан карап чыгып, чыгымдарын көзөмөлдөө Өрүктү айыл аймагына жүктөлсүн.

3. 2021-жылга “Тазалык” муниципалдык ишканасына күйүүчү май жана техникалык оңдоо жумуштарына сарптоо үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты айыл аймактын бюджетинен ажыратылып берилсин

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

Айылдык Кеңешинин төрагасы:

Аким уулу Азамат