Редакцияот 25.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2021-жылдын 25-марты № 4

Жеке ишкер Н. Сатыбалдиевдин кайрылуу каты боюнча

Жеке ишкер Н. Сатыбалдиевдин кайрылуу катынын негизинде, Чолок-Тума айылынын Боорду-Сай участкасындагы табигый жол менен кайра калыбына келүүчү (сел жүрүүчү) 1 га жерден жана Соломо участкасынан капчыгайдагы 0,5 га жерден шагыл алып иштетүү үчүн документ жасоого уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VII  чакырылышынын II сессиясы токтом кылат:

 

1. Чолок-Тума айылынын Боорду-Сай участкасындагы табигый жол менен кайра калыбына келүүчү (сел жүрүүчү) 1 га жерден жана Соломо участкасынан капчыгайдагы 0,5 га жерден шагыл алып иштетүү үчүн документ жасоого уруксат берүүгө Өрүктү айылдык Кеңеши тарабынан макулдук берилсин.

2. КР Мыйзамдарынын чегинде жер тилкесин бөлүп берүү үчүн тиешелүү адистер тарабынан иш алып барылсын.

3. Аталган участкада Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бардык экологиялык талаптарына ылайык иш алып баруу жеке ишкер Н. Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык Кеңешинин төрагасы:

Аким уулу Азамат