Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 25-марты № 6
Акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын Орто-Токой, Чолок-Тума айылдарынын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн смета боюнча акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын II сессиясы токтом кылат:
1. Орто-Токой, Чолок-Тума айылдарынын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн айыл аймактын бюджетинен 300 000 (үч жүз миң) сом тиешелүү статьялардан каралсын.
2. Сатып алууларды КР нын мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу сатып алууну уюштуруу, керектелүүчү материалдарды жана жабдууларды сатып алуу үчүн акча каражаттарды тиешелүү статьялардан бөлүп берүү ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Өрүктү айылдык Кеңешинин төрагасы: | Аким уулу Азамат |