Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 25-марты № 7
Өрүктү-Сай айылынын тургуну К. Давлаталиеванын арызын кароо боюнча
Өрүктү-Сай айылынын тургуну К. Давлаталиеванын арызы боюнча Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын II сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык аймагынын башчысынын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, жыл сайын берилүүчү эмгек өргүүдө экендиги эске алынсын.
2. Арыз ээси, арызда көрсөтүлгөн кайрылуу катты табуу боюнча мыйзам чегинде тиешелүү органдарга кайрылсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык тармактар, жаштар, укук, мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | Аким уулу Азамат |